Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу министрлик 2-мартта эртең менен тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

ИИМ жарандар менен юридикалык бирикмелерге кайрылып, митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

«Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чара көрөт», деп айтылат билдирүүдө.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2-мартта нааразылык акциясын өткөрүп, анда саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышарын билдиришкен.

Акциянын алдында ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экени жөнүндө кеп тараган. УКМК бийликти басып алууга чакырык таштаган бир адам кармалганын билдирген.

Абактагы Садыр Жапаров 1-мартта тарапташтарына жазуу түрүндө кайрылуу жолдоп, анда митингге чыгуунун кажети жок экенин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG