Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Жылдыз Жолдошева: президентке Садыр Жапаров боюнча кайрылуу тапшырдым


Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги. 2-март, 2020-жыл.
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги. 2-март, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго берди. Бул тууралуу Жолдошева Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде билдирди жана президент менен 2-марттагы жолугушуусун өзүнүн 60 жылдык мааракеси менен байланыштырды.

Саясатчынын айтымында президент колуна тийген бардык материалдарды тиешелүү органдарга тапшырууга убада берди. Президенттик аппарат бул тууралуу комментарий бере элек.

Ушул тапта борбордук Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митинг өтүп жатат. Аны коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев башкарууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Саясатчыны бошотуу тууралуу талаптар байма-бай айтылып келатат.

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын февралдын башында билдирген. Прокуратуранын маалыматына караганда «Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакцияларына ылайык Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт». Ошондой эле Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай тургандыгы маалымдалган.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.

XS
SM
MD
LG