«Жунхай» базарында кытайлык соодагерлер тоскоолдуксуз иштеп жатышат, аларга карата кысым болгон жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева билдирди.
Ал «"Жунхайда" кытайлык соодагерлердин контейнерлерин мажбурлап жаптырып жатышат» деген видео тууралуу маалымат берип, төмөнкүлөрдү айтты:
«Ал киши Дубайга эс алганы кеткен экен. Анан контейнери ачык турганын көрүп, биздин ишкерлер жабылышын талап кылышыптыр. Териштире келгенде ал Кытайга соңку беш жылдан бери бара элек экендиги аныкталды».
Дөөлөталиева билдиргендей, «Жунхайда» иштеген кытайлык соодагерлердин көбү жаңы жылдык майрам күндөрү үйүнө кеткен бойдон ишке чыга элек.
Учурда Интернетте он чакты киши «Жунхайдагы» контейнерлердин биринин жанына чогулуп ,«Бизге ден соолук керек», «Жап» деп талап кылган видео тарап жатат. Ичиндеги соодагер товарын ичке киргизип, контейнерин кулпулап жаап, кетип жатканын көрүүгө болот.
Кытайдан жайылган коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 2-мартка карата Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат, алардын 145и кытайлыктар, баарынын анализи таза.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты. (RK)