Ооган президенти Ашраф Гани Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы келишимдин негизги шарттарынын бирине байланыштуу күмөн ойлорун ортого салды. Ал ооган өкмөтү келишим талап кылгандай 5 миң талиб туткунун бошотуу милдетин албаганын 1-мартта Кабулдагы басма сөз жыйынында айтты. Гани туткундарды бошотуу ооган өкмөтүнүн гана ыйгарым укугундагы маселе экенин белгилеп, ал Ооганстандагы ички сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине киргизилиши керек экенин кошумчалады.
29-февралда АКШнын жана «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстандагы 18 жылдан ашкан согушту токтотууну көздөгөн келишимге кол коюшкан. Бул макулдашууга ооган өкмөтү катышкан эмес.
Тынчтык келишимине ылайык, 10-мартка карата Кабул 5 миңдей талибди, «Талибан» кыймылы болсо миңдей туткунду бошотушу керек. Учурда талибдердин 10 миңге чукул өкүлү ооган абактарында жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эки тарап мурда да туткундарды алмашканын, ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүү жакын арада башталат деп үмүттөнүп турганын айтты.