Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

АКШ: Пит Буттижич президенттикке талапкер болуудан баш тартты


Пит Буттижич.
Пит Буттижич.

АКШнын Индиана штатындагы Саут-Бент шаарынын мурдагы мэри, президенттик шайлоодо демократтардын атынан талапкер болууну көздөп жаткан Пит Буттижич оюнан кайтты. Ал бул тууралуу жекшембиде Түштүк Каролинада делегаттардын жетиштүү добушун топтой албай калгандан кийин билдирди.

Буттижичтин шайлоо өнөктүгү жакшы көрсөткүчтөр менен башталган жана өткөн айда Айова штатындагы демократтардын ички жарышында алдыга чыккан.

Түштүк Каролинадага демократтардын ички жарышында мурдагы вице-премьер-министр Жо Байден алдыга чыкты.

38 жаштагы Буттижич - кумса экенин ачык жарыялаган иммигранттын уулу. Саут-Бент шаарынын мурдагы мэри Гарвард университетин аяктаган жана Ооганстанда кызмат кылган, аскердик чалгындын ардагери болуп саналат. Ал жекшембиде тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, оюнан кайткан себебин так айткан жок, ошол эле учурда кайсы бир талапкерди колдой турганын ачык билдирген да жок. Бирок ал аттарын атабастан саясий атаандаштары Берни Сандерс менен Майкл Блумбергди сындап өттү.

АКШда, 3-мартта «супершейшемби» деп аталган күнү 14 штатта чечүүчү праймериздер өтөт жана анда дагы бир мөөнөт кызматта калууну каалап жаткан АКШнын азыркы президенти Дональд Трампка демократтардын атынан ким атаандаш болоору аныктала баштайт.

Демократтардын атынан башында президенттикке талапкер болууну каалаган 25 киши чыккан эле. Азыр жарышта алты гана үмүткөр калды.

XS
SM
MD
LG