Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-мартта, бейшембиде Орусияга келет. Ал бир күндүк сапарында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат жана анда негизинен Сириянын Идлиб аймагындагы соңку жагдай талкууланмакчы.
Эки лидер өткөн жума күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анын алдында Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында президент Башар Асаддын күчтөрүнүн абадан урган соккуларынан Түркия 33 аскерин жоготкон. Түрк бийлиги чабуулду Сирия режиминин күчтөрү койгонун, аймакта акыркы жумада авиасоккуларды Орусиянын кыргын салуучу учактары ишке ашырып жатканын кабарлаган.
2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.
Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге кайрадан сокку ура баштаган. Бул Ефрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу.
БУУнун Адам укуктары боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Идлиб менен Алепподо 300дөй жайкын тургун каза болду, 900 миңдей адам, 1,5 миллиондой бала башка жактан баш калка издеп кетти. Бул провинцияда болжол менен 3 миллиондой эл жашайт.
Жер которгондордун айрымдары Сириянын Түркия менен чек арасына тушташ Азаз шаарчасындагы лагерлерде баш калкалап жатат.
Сириядагы 2011-жылы башталган согуш 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адам качкынга айланды.