Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Милиция: Коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Ала-Тоо аянтындагы милициянын атайын бөлүгү. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы милициянын атайын бөлүгү. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Милиция Бишкектин тургундарынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте корголот. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтынан митингичилерин сүрүп чыгарып жаткан милициянын атын атагысы келбеген жетекчилеринин бири «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.

Ушу тапта милиция кызматкерлери борбордук аянттан элди сүрүп чыгарып, айланасындагы көчөлөрдү тазалоого киришти. Аянттан митингдин катышуучуларына карата көздөн жаш агызуучу газ колдонулуп, суу бүркүлдү. Мындан тышкары желим ок колдонулганы кабарланды.
Митингчилер тарабынан милицияга таш ыргытылды.

Жол боюнда токтоп турган айрым автоунаалар талкаланып, Орозбеков көчөсүндөгү ашканалардын терезелерине таш тийген.

2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөргөн. Алар Жогорку Кеңешти көздөй бет алганда, милиция аларды күч менен сүрүп чыгарды. Андан тышкары ушул тапта аянттын айланасындагы көчөлөрдөн да сүрүп чыгарып, айрымдарын кармап кетип жатат.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду «2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG