Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:42

Каныметов: Таш ыргыткан милиция кызматкерлерине чара көрүлөт (видео)


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин кууп таратуу маалында таш ыргыткан милиция кызматкерлерине чара көрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» ички иштер министринин орун басары Мирлан Каныметов билдирди.

Митингди кууп таратуу маалында акциянын катышуучулары жана милиция кызматкерлери бири-бирин көздөй таш ыргытышкан эле. Анын жыйынтыгында борбор калаадагы бир нече машинеге зыян келтирилген.

Мирлан Каныметов милиция кызматкерлери таш ыргытты деген маалыматты четке кагып, андай фактылар болсо чара көрүлөрүн билдирди.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен нааразылык акциясы өткөн. Анын жыйынтыгында акция катышуучулары менен милиция күчтөрү кагылышып, милиция чогулгандарды кууп таркатуу учурунда айрымдарын кармады. (BkA)

XS
SM
MD
LG