2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, автоунаалар, мекеме-ишканалар жабыркады. Бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди:
«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чара көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, «Акүйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз» деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты».
Басма сөз катчы митингичилерди кууп таркатуу учурунда кармалгандардын так саны, митингичилер менен милиция кызматкерлеринен жаракат алгандар, тараптардын бири-бирине таш ыргытышы тууралуу так маалымат берген жок.
«2-мартта тынч митингди өткөрүүгө саат 13:00дөн 17:00гө чейин гана уруксат берилген», - деп билдирди Сейитов. Анын айтымында, бул митингге 800дөй киши катышты. Буга чейин байкоочулар жана митингдин катышуучулары аянтка 3 миңден 5 миңге чейин киши чогулганын айтышкан.
ИИМдин басма сөз катчысынын айтымында шаардын, шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жататжана андай көзөмөл күнү-түнү улантылат.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады. (ZKo/TSh/BTo)