Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Мэрия шаарда митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылды


Милиция аянттан жана анын айланасындагы көчөлөрдөн митингчилерди сүрүп чыгарды. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.
Милиция аянттан жана анын айланасындагы көчөлөрдөн митингчилерди сүрүп чыгарды. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Бул дүйнө жүзүндө коркунуч жаратып жаткан коронавирустун алдын алуу максатында жана 2-марттагы митингге байланыштуу аргасыз кадам болуп жатканын Бишкек мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Түлөбаев бул максатта атайын өтүнүч менен сотко кайрылуу жөнөтүлөрүн билдирген.

Мындан тышкары мэрдин кеңешчиси 2-марттагы митингди массалык башаламандык деп баалаган. «Мэрия 2-марттагы митингге көчөлөрдү тосуу, милиция кызматкерлерине кол салуу, ишкерлердин мүлкүнө залал келтирүү жана шаарыбыздын тынч жашоосуна бүлгүн салуу менен коштолгон массалык башаламандык катары баа берди. Анын уюштуруучуларына өлкөдөгү туруксуздук, башаламандык керек болгону ачык көрүндү. Бул шаардыктарды, ишкерлерди жана туристтерди кооптондурат» деп айтылат билдирүүдө.

Түлөбаев келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатканын, митингди уюштуруучулар менен келишимде тынч акция өтөрүнө убада берилгенин белгилеп, бирок иш жүзүндө тескерисинче болуп чыкканын кошумчалаган.

Ошондой эле мэрия тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн милицияга ыраазылык билдирген.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG