ИИМдин басма сөз кызматы 2-марттагы митингден соң баш калаада милиция күчөтүлгөн тартипте иштегенин, кайгуул кызматы таң атканча шаарды кыдырып жүргөнүн кабарлады.
Шаардагы соода, оюн-зоок жайлары, дүкөндөр, кинотеатрлардын көпчүлүгү митингди кууп таркатуу учурунда эле ишин токтоткон. Алардын дээрлик баарында ички коопсуздук кызматтары да күчөтүлгөн тартипте иштешти.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган. (ZKo)