Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Сооронбай Жээнбеков: Туу астында бирге, чогуу бололу


Сооронбай Жээнбеков иш-чаралардын биринде. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков иш-чаралардын биринде. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы өз кайрылуусунда желек ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимин чагылдырып турган символ экенин, тууда кыргыз элинин биримдиги, жалпы мекендештердин ынтымагы чагылдырылганын белгиледи.

«Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыз кылуу - ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болушубуз абзел. Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекеттик туу күнүнө карата бүгүн Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG