Казакстандын Семей шаардык соту 3-мартта «Казатомпром» компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу анын адвокатынын арызын канааттандырды. Эгер прокуратура бул өкүмгө байланыштуу соттун жогорку инстанциясына арызданбаса, анда Жакишев 15 күндүн ичинде түрмөдөн чыкмакчы.
Семей шаардык соту буга чейин ушундай өтүнүчтөрдү такай четке кагып келген. Судьялар муну Жакишиев 261 миллионн доллар (99,6 миллиард тенге) өлчөмүндө зыянды мамлекетке кайтарган эмес деп негиздешкен.
Жакишев 2009-жылы коррупция үчүн айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга түрмөгө кескен.
Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишет.
Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жакишевди «саясий туткун» деп таанып, казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырышкан. Расмий Астана болсо өлкөдө саясий негизде камалгандар бар экенин мойнуна алган эмес.