12-апрелде өтө турган беш шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 22 партия арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги атайын жыйында билдирди.
Анда маалымдалгандай, Ош шаарында тогуз партия ат салышат. Алар: «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», КЛДП, «Эмгек», «Бирик», «Бир Бол» партиялары.
Каракол шаардык кеңешке шайлоого «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт», «Замандаш», «Бирик», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», «Ак шумкар», «Улуу Кыргызстан», «Республика», «Кыргызстандын жашылдар партиясы» партиялары катышат. Жалпысынан 14 партия.
Балыкчы калаасындагы жарышта «Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Журт», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партиялары бар.
Токмокто «Биримдик», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», КЛДП, «Ооганстан согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы» партиялары күч сынашат.
Майлуу-Суу шаарында болсо «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Кыргызстан» партиялары жарышат.
Партиялар БШКга тизмесин да тапшырды. Беш шаардагы 169 мандатка 3108 талапкер көрсөтүлдү.
Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. Үгүт өнөктүгү шаардык кеңештерди шайлоого 13-мартта башталат, айылдык кеңештерди шайлоого 23-мартта башталат. (ErN)