Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Путин Конституцияга кудай жана үй-бүлө тууралуу жазууну сунуш кылды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн Баш мыйзамына алымча-кошумча киргизүү боюнча буга чейин Мамлекеттик Думага жөнөткөн долбооруна дагы сунуштарын жөнөттү. ТАСС маалымат агенттиги Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме кылып, Путин анда Конституцияга кудай тууралуу жазып, үй-бүлө түшүнүгүн бекемдегиси келип жатканын жазды.

Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айткан. Ошол эле күнү анын жардыгы менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүлгөн.

Мамлекеттик Дума бул мыйзам долбоорун 10-мартта экинчи окууда карамакчы жана 11-мартта үчүнчү окууда кабыл алышы мүмкүн. Ал эми Баш мыйзамга алымча-кошумча киргизүү боюнча жалпы элдик референдум 22-апрелге белгиленгени айтьлган.

Өлкөдөгү айрым оппозиция лидерлери Путин президенттик кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калуу максатында Конституцияны өзгөрткүсү келет деп эсептешет.

Орус мыйзамдары Путинге 2024-жылы үч жолу удаа президенттике шайланууга тыюу салат. Ошондуктан ал кийинки шайлоого катыша албайт.

XS
SM
MD
LG