Тажикстанда чет өлкөлүк туристтерге кол салган топтун аман калган жалгыз мүчөсү Хусейн Абдусамадов 2-мартта түрмөдө каза болду. Бул маалыматты анын туугандары жана бийлик өкүлдөрү ырасташты.
35 жаштагы Абдусамадов киши өлтүрүү айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Тажик бийлиги окуянын чоо-жайын териштирип жатканын билдирди.
2018-жылы июлдун аягында Дангара районунда велосипедчен туристтердин тобун автоунаа сүзүп кеткен. Андан соң машинедегилер чет өлкөлүктөргө бычак менен кол салган. Окуяда Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы эки чет өлкөлүк жарадар болгон.
Шектүүлөрдү кармоо операциясында төрт киши жок кылынып, Абдусамадов гана тирүү колго түшүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алган. Тажик бийлиги кол салуу үчүн өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясын» айыптап келет.