Түркия Сириянын түндүк-батышында президент Башар Асаддын армиясына таандык аскерлер машыккан учакты атып түшүргөнүн билдирди. Аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги түрк аскерлери чабуул коюп жатканын кабарлады.
Мындан мурдараак Анкара Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында эки учакты атып түшүргөнүн жарыялаган.
Соңку маалыматты Сириянын бийлиги ырастап же төгүндөй элек.
Өткөн аптада Идлибде Башар Асаддын армиясынын абадан урган соккуларынан улам Түркия 33 аскеринен айрылган. Анкара бул аймакта акыркы жумада Орусиянын кыргын салуучу учактары абадан сокку уруп жатканын айтып чыккан.
Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин бул жагдайга байланыштуу 5-мартта Москвада жолукканы жатат.
2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.
Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге кайрадан сокку ура баштаган. Бул Евфрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу.
БУУнун маалыматы боюнча, Идлиб менен Алепподо 300дөй жайкын тургун каза болду, 900 миңдей адам, 1,5 миллиондой бала башка жактан баш калка издеп кетти. Бул провинцияда болжол менен 3 миллиондой эл жашайт.
Жер которгондордун айрымдары Сириянын Түркия менен чек арасына тушташ Азаз шаарчасындагы лагерлерде баш калкалап жатат.
Сириядагы 2011-жылы башталган согуш 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адам качкынга айланды.