Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров сурактан чыкты


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Азаттык» радиосу анын өзүнө байланышып тактады.

Токтонасыров атайын кызматтын өкүлдөрү аны эки сааттан ашык кармап отурушканын, Бишкектеги митингге байланыштуу суроолорду беришкенин айтты. Ал акцияга байкоочу катары гана катышканын билдирип, эч кайсы саясий топторго тиешеси жок экенин, эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

Мунун алдында «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» кайрылып, Токтонасыров саат 14:00дөн бери УКМКда сурак берип жатканын, ошого кабатырланып турганын билдирген. Атайын кызмат бул жөнүндө маалымат берген жок.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Ички иштер министрлиги окуянын 166 катышуучусун кармап, анын төртөөнү камакка алды. УКМК болсо эки кишини, анын ичинде экс-депутат Каныбек Осмоналиевди убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG