Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Жалал-Абаддагы дарыканаларда бир жумадан бери беткап сатылбай жатат


Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бири. 3-март 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бири. 3-март 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларда бир жумадан бери медициналык беткап сатылбай жатат. Муну сатуучулар медициналык каражаттардын келбей жатканы, колдогу запастардын түгөнгөндүгү менен түшүндүрүштү.

Бул маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков бышыктап, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты:

“Облустагы мамлекеттик медициналык мекемелерде чурда 200 миң даанадан ашык беткаптар бар. Эгер зарылчылык болсо дагы сатылып алынат. Ал эми дарыканалардагы абал жеке ишкерлерге байланыштуу болууда. Айрымдары мындан бизнес жасап, ар-тарапка сатып жатат деген маалыматтар бар. Дарыканаларды беткаптар менен камсыздоо боюнча жеке ишкерлер менен да сүйлөшөбүз" – деди Ызабеков.

Вице-премьер министр, коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Алтынай Өмүрбекова "Азаттыкка" маегинде медициналык беткап боюнча тартыштык бар экенин белгилеп, вируска байланыштуу Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн келе турган беткаптар убактылуу кармалып жатканын айткан. Ошол эле учурда ЮСАИД уюмунун колдоосу аркылуу жакында беткаптардын жаңы партиясы келерин белгилеген.

Кыргызстанда медициналык беткап чыгарган ишкана жок. Өкмөттүн 28-февралдагы маалыматы боюнча жакында Кыргызстанга келген 1 миллион даана беткап Кыргызстандан чыгарылып бараткан учурда кармалган. 10-февралда Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө бекетинен тийиштүү документтери жок 300 даанадан ашык медициналык беткап алып чыгып бараткан өзбекстандык жаран кармалган.

Кыргыз өкмөтү айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга 3-февралдан тартып тыюу салган токтом чыгарган. Токтомдун мөөнөтү алты айга созулат. (RsK)

XS
SM
MD
LG