Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Нарматова: Жапаровдун кайрылуусунан кийин митингди токтотуш керек болчу


Митингдин катышуучуларын кармоо учуру. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында сүйлөп жатып ушундай оюн билдирди. Нарматова Садыр Жапаровду коргоо штабы аны жок жерден курмандыкка чалып берди деп эсептейт.

«Тескерисинче штабдын төрагасы Каныбек Осмоналиев 1-март күнү билдирүү кылып, «эртең митингде Жапаровдун кайрылуусун окуп беребиз, каалоочулар келгиле» деп айтты. Бул аркылуу штабдын мүчөлөрү түздөн-түз Садыр Жапаровду курмандыкка чалып беришти. Анткени митингди башкарууга күчү жетпейт болчу. Ал жерде чагымчылар жүрдү, башка күчтөр жүрдү. 20 жылдан бери ким митинг өткөрсө катышып жүргөн жүздөр жүрдү. Аягы ушундай бүтөрү белгилүү болчу», - деди ал.

2-мартта Бишкекте абактагы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын катышуучулары Жогорку Кеңешти көздөй жөнөгөндө милиция тосуп, тараптар кагылышкан. Милиция суу бүркүп, желим ок жана көздөн жаш агызуучу газды колдонуу менен митингчилерди кууп таркаткан. Эки тараптан тең таштар ыргытылып, жол боюндагы машинелер, мекеме-ишканалар талкаланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) митингди уюштуруучулар деп бир нече кишини кармаган. Алардын ичинен Садыр Жапаровду бошотуу штабынын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен митингдин дагы бир катышуучусу «Д.А» аттуу жаран Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу аракети») боюнча шек саналып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

ИИМ тарабынан 2-марттагы башаламандык үчүн шектүү катары төрт киши камакка алынган. (ZKo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG