Ошентип илдеттен бул өлкөдө жалпы жонунан 9 киши набыт болду. Эксперттер АКШнын бийлигин ооруга маани бербегени үчүн айыпташты.
3-март күнү АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн алдыңкы фармацевттери менен жолугуп, коронавируска каршы дары-дармек иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.
Акыркы суткада вирустан Кытайда 33 киши каза тапты. Түштүк Кореяда 6, Италияда 27, Иранда 11, Францияда 1, Испанияда 1 киши жугуштуу оорудан набыт болду.
Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында пайда болгон жугуштуу оорудан жалпы дүйнө жүзүндө 3100 ашуун адам көз жумду. 65тен ашуун өлкөдө ооруга чалдыккандар катталды.