Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:07

«Doing Business»: Кыргызстанда банкрот ишканалардын карызды кайтарышы жакшырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда банкротко учураган ишканалардын карызды кайтаруу жөндөмдүүлүгү боюнча көрсөткүч жакшыра баштады деп эсептейт. Бул тууралуу кезектеги «Doing Business» изилдөөсүндө айтылат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, изилдөөнүн корутундусунда 2018-2019-жылдары Кыргызстан көрсөткүчүн төрт позицияга жакшыртып, 82-орундан 78-ге жогорулады.

Министрлик белгилегендей, бул багытта жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги максаты – карыздар тараптын активдерин натыйжалуу башкарууну жакшыртуу жана кредитордун банкрот процессиндеги ролун жогорулатуу.

Соңку расмий маалыматка караганда, өлкөдө 20 ишкана банкрот болуп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG