Кыргызстандын жети облусундагы 39 коомдук уюм өлкө жетекчилигине кайрылып, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.
«Улуттук «Жаңырык» уюму» деп аталган уюм президентке, премьер-министрге жана акыйкатчыга жазган кайрылуусунда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү ансыз деле ачык экенин, каалаган учурда тиешелүү органдар аларды «Санарип Кыргызстан» системасынын алкагында текшере аларын билдирген. Ал эми кошумча талаптардын киргизилиши басмырлоо менен барабар экени белгиленген.
Кайрылуунун авторлору эгер бул мыйзам кабыл алынса биринчи кезекте социалдык жактан коргоого муктаждарга, майыптар менен иштеген уюмдарга залакасы тиерин айтышууда.
27-февралда парламентте «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биричи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунун автору, депутат Бактыбек Райымкулов анда сырттан грант алган өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчыларга теңөө сунушталып жатканын «Азаттыкка» билдирген. (RK)