Прокурорлор Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурумдун ачык өтүшүн колдойт. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматов журналисттерге билдирди:
«Биз соттун ачык өтүшүнө каршы эмеспиз. Кечээ, бүгүн баштапкы соттук жыйындар болуп жатат. Ошондуктан ал мыйзам боюнча жабык өтөт».
Бекмаматов журналисттердин: «Прокурорлор иштин өзү карала баштаганда сот ачык өтүшүнө каршы болушпайбы?» деген суроосуна: «Биз каршы эмеспиз», - деп дагы бир жолу тактады. Ал ошондой эле «сот жабык өткөнү жатат» деген сөздөр тарап, иш саясатташтырылып жатканын айтты.
3-мартта айыпкерлердин жактоочулары иш жабык өтүп калышы мүмкүн экенин билдирип, күмөн санап жатышкан. Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын уланды. Бул иште айыпталуучулардын адвокаттары соттон камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Судья өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетип, саат 14:30га чейин тыныгуу жарыяланды.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө иш катары тергелип жаткандыгы мурда кабарланган. (BTo)