Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:10

АКШда демократтардын ички жарышында Байден жеңди


Жо Байден.

АКШда 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 15 штатта демократтардин ички жарышы - праймериз өттү. Баштапкы жыйынтыктарга ылайык, анда мурдагы вице-президент Жо Байден 10 штатта озуп чыкты. «The New York Times» басылмасы Байден 48% чейин добуш алышы мүмкүн экенин жазды. Экинчи орунду сенатор Берни Сандер алды, ал эл эң көп жашаган Калифорния менен Техаста утту.

Гезит ырастагандай, Байденди негизинен афроамерикалыктар менен улгайган адамдар колдоду. Сандерс болсо латын америкалыктар менен жаштардан колдоо тапты. Бул ички жарышта Байденге 253, ал эми Сандерске 185 делегат добуш берди.

Бул жарышта сенатор Элизабет Уоррен менен миллиардер, Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Майкл Блумберг утулду. Буга чейин Блумберг шайлоо өнөктүгүнө 500 миллион доллар сарптаганы айтылган.

Демократтардын атынан башында президенттикке талапкер болууну каалаган 25 киши чыккан эле. Азыр жарышта алты гана үмүткөр калды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG