Орусияга караштуу Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаарынын кеңеши өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактын мурдагы башчысы Дмитрий Трапезниковду көпчүлүк добуш менен шаар башчысы кылып шайлады. Бул орунга төрт талапкер көрсөтүлгөн. Кеңештеги 25 депутаттын канчасы Трапезниковду колдоп добуш бергени белгисиз.
Трапезников Элистанын башчысынын милдетин аткаруучу болуп былтыр сентябрда дайындалган. Жергиликтүү тургундардын айрымдары буга байланыштуу бир катар нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Элисталыктар буга чейин эч ким тааныбаган, чоочун Трапезниковдун шаар башчысы болушуна, анын буга чейинки таржымалы «таза эмес» экенине нааразы болушкан. Митингге чыккандардын кээ бирлерине айып пул салынган.
2018-жылы «Донецк элдик республикасынын» ошол кездеги башчысы киши колдуу болгондо, анын милдетин Трапезников кыска убакытка аткарган.
Мэрлик кызматка анын талапкерлигин парламентке Калмыкиянын жетекчиси Бату Хасиков көрсөткөн. Ал «Трапезникав Донбасста болуп көрбөгөндөй тажрыйба топтоду» деп айткан жана «кыйын кырдаалдар менен кыйчалыш абалдардан чыгып кете алган жетекчи» катары сүрөттөгөн.