Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Кытайдагы лагерлерди ашкерелеген Сайрагүл Сауытбай абройлуу сыйлык алды


Сайрагүл Сауытбай.
Сайрагүл Сауытбай.

Кытайдагы саясий лагерлер тууралуу Казакстанда биринчилерден болуп айтып чыккан кытайлык казак Сайрагүл Сауытбай АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Каарман аял» сыйлыгына татыды. «Анын көрсөтмөлөрү - Кытайдын репрессивдүү саясатын эл аралык коомчулукка ашкере кылган алгачкы далилдердин бири» деп айтылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

44 жаштагы Сауытбай 2018-жылдын апрель айында «казак-кытай чек арасынан мыйзамсыз өттү» деген негизде Казакстанда кармалган. Ал соттук териштирүүдө Шинжаң аймагында саясий лагерлерде иштегенин, ал жакта миңдеген уйгурлар, казактар жана кыргыздар кармалып турганын, кайра Кытайга барса өлүм жазасына тартыларын айткан. Казак соту аны алты айга шарттуу кесип, он айдан кийин Сауытбай Казакстандан Швецияга чыгып кеткен.

Аны менен кошо «Каарман аял» сыйлыгына күжүрмөндүгү менен таанылган дагы 11 аял ээ болду. Алардын арасында ооганстандык журналист Зарифа Гафари, пакистандык укук коргоочу Жалила Хайдер жана армениялык журналист Люси Кочарян да бар. Мамдепартамент бул сыйлыгын Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында тапшырып келет.

Бул сыйлыкты 2011-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева да алган.

XS
SM
MD
LG