Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Трамптын штабы «The Washington Post» гезитин сотко берди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабы «The Washington Post» гезитин «жалган жалаа жапты», «президенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү» деп айыптап, сотко берди. Басылмага былтыр июнь айында 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Трамптын командасы менен Орусиянын тымызын жең ичинен сүйлөшүүлөрү тууралуу макала чыккан. «The Washington Post» бул тууралуу дооматты четке кагып, укугун сотто талашарын билдирди.

Бир апта мурун Трамптын штабы ушундай эле доомат менен «The New York Times» гезитин да сотко берген. Аталган басылма да соттошууга даяр экенин жарыялаган.

2017-жылдын башында АКШнын чалгын кызматтары Орусия шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду «жаманатты кылууга багытталган аракеттерди кылган» деген шек менен иликтөө башташкан.

Атайын прокурор Роберт Мюллер башында турган тергөө тобунун эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор президент Трамптын же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти күнөөсүз деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган.

XS
SM
MD
LG