Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Токиодогу жайкы Олимп оюндарынын мөөнөтү жылбайт


Токио Олимп оюндарынын уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык акча жумшады.
Токио Олимп оюндарынын уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык акча жумшады.

Эл аралык Олимпиада комитети 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын борбору Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарынын датасын башка күндөргө жылдырбайт.

Мындай чечимди аталган комитет коронавируска байланыштуу жагдайды талкуулагандан кийин кабыл алды жана бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүнү, машыгууну токтотпоого чакырды.

Олип оюндарын Токиодо өткөрүү келишиминде мелдештерди ушул жылдын аягына чейин жылдыруу мүмкүнчүлүгү да каралган, бирок акыркы чечимди Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Жайкы Олимп оюндарынын мөөнөтү жылышы ыктымалдыгы коронавирус коркунучунан улам айрым эл аралык спорттук мелдештер көрүүчүлөрү жок өтүп жаткандыктан айтыла баштаган. Жапон бийлиги Олимп оюндарына олуттуу коркунуч жоктугун билдирип келген. Аны уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиарддан ашык каражат жумшалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG