Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Казакстан: токойчунун өлүмүнө шектүү 18 жылга кесилди


Каныш Нуртазинов.
Каныш Нуртазинов.

Казакстандын Көкшетау шаардык соту браконьерлердин колунан ажал тапкан токойчу-инспектор Каныш Нуртазиновдун иши боюнча 4-мартта өкүм чыгарды. Анда кылмышка шектүү Анатолий Бонякевич 18 жылга эркинен ажыратылды.

Былтыр 23-июлда Акмоло облусунда инспектор Каныш Нуртазинов шериги Самат Оспанов экөө бөкөнгө мыйзамсыз ууга чыккан аңчылардын изине түшүп кууп баратканда, браконьерлер токойчуларды аткан. Анда Самат Оспановго ок тийип жарадар болгон, Нуртазинов алган жараатынан ооруканада ажал тапкан.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Нуртазиновго биринчи даражадагы «Айбын» сыйлыгы ыйгарылган.

Былтыр жыл башында Караганда облусунда токойчулар беш бөкөндү аткан аңчыларды кармашкан. Браконьерлер катуу каршылык көрсөтүп, инспекторлордун бири Ерлан Нургалиев таяк жеп каза тапкан. Өткөн айда Караганда шаарындагы сот бул кылмышка шектүү деп кармалган үч адамды өмүр боюнча эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG