Коронавирустун алдын алуу штабы жарандарга эл көп чогулуучу жерлерге барбай, массалык иш-чараларды чектөөнү сунуш кылды. Бул сунуш жугуштуу илдеттин өлкө аймагына киришинин жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында берилип жатканы штабдын 4-марттагы жыйынында айтылды.
Жыйында ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен айрым эл көп чогулуучу иш-чаралар токтотулганы жөнүндө да кабарланды. Сунуш бардык жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.
Штабдын мүчөлөрү жарандарды соцтармактарда коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда.
Штабдын маалыматы боюнча, 4-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандар катталган жок.
Оорунун алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн көзөмөл сакталган. Тиешелүү кызматтар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.
Аба компаниялары менен сырттан келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен эле текшерип чыгаруу маселеси макулдашылды.
Өлкөгө кириш үчүн кыргызстандыктар сөзсүз түрдө жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө тийиш. Андай паспорту жоктор милдеттүү түрдө көзөмөл бөлмөсү аркылуу өткөрүлөт.
Эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөр: Кытай, Иран, Италия, Жапония, Түштүк Кореяда акыркы бир ай учурунда болгон чет өлкөлүктөр өлкөгө киргизилбейт. Кыргызстандыктар эки жумалык карантинге алынышат.
Жеке гигиенаны бекем сактап, оорудан сактануу жана коронавирус тууралуу мектеп, окуу жайларда түшүндүрмө берүү билим берүү министрлигине жүктөлдү. (ZKo)