Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Жапаровдун боштондугун талап кылып митингге чыккан Анар Дубанбаева эки айга камалды


Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.
Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Ал Кылмыш кодексинин 39-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен айыпталууда. Биринчи май райондук сотунун 4-марттагы чечими менен Анар Дубанбаева 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Учурда сот Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингди алып барган коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап жатат. Каныбек Осмоналиев да УКМК тарабынан Жазык кодексинин 39-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен айыпталууда.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын алкагында төрт жаран камакка алынган. (ZKo/BTo)

XS
SM
MD
LG