Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулкулдаткан аял кармалды

Жогорку Кеңешке барып, парламент кызматкерлерин жулкулдаткан аял. (Фото АКИпресс агенттигинин видеосунан алынды).
Жогорку Кеңешке барып, парламент кызматкерлерин жулкулдаткан аял. (Фото АКИпресс агенттигинин видеосунан алынды).

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-мартта митингдин соңунда аялдардын тобу Жогорку Кеңешке барып, парламент кызматкерлерине асылган иш боюнча Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») менен сотко чейинки териштирүү башталган.

4-март күнү бул фактыда айтылгандай, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана башка жарандарга асылган аялдын аты-жөнү аныкталды. 47 жаштагы Ч.Н. аттуу жаран 4-мартта Бишкек ШИИБине жеткирилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөдө жыйналган маалыматтарга жараша берене алмашуусу ыктымал.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын алкагында милиция буга чейин төрт жаранды камакка алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG