Мектептер өкмөттүн өтүнүчү менен жабылганын 5-мартта өлкөнүн билим берүү, спорт, маданият жана илим министри Коити Хагиуда парламентте билдирди. Анын сөзү боюнча, 5-мартка карата бардык деңгээлдеги мектептерде окуу токтотулду.
Жапониянын мектептериндеги мөөнөтсүз каникул 2-мартта башталган. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ префектурасынын бийлиги «аймакта оору каттала элек» деген жүйө менен мектептерди жабуудан баш тарткан.
Айрым мектептер эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды кабыл алышарын билдиришти.
Жапон өкмөтү мөөнөтсүз каникулду окуучулардын жазгы салттуу эс алуусу башталганга чейин улантууну өтүндү. Жазгы каникул Жапониядагы мектептерде март айынын акыркы он күндүгүнө туш келет.
Зарылчылык болбосо мектептер апрелден тартып ишин улантат.
5-марттагы маалыматтарга караганда, коронавирусту Жапонияда 1030 киши жугузган. Оорудан 12 адам набыт болду. Ооруга кабылгандардын басымдуу бөлүгү (706 адам) - «Diamond Princess» лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү.