Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

Жалал-Абадда Ак калпак күнүн белгилегени чогулгандар таратылды

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты. 5-март, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты. 5-март, 2020-жыл.

Шаардын Эркиндик аянтында 5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө боюнча иш-чара болбой калды. Муну вице-мэр Руслан Алтымышев коронавирустун алдын алуу боюнча премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев жетектеген республикалык штабдын сунушу менен негиздеди. 

4-мартта республикалык штаб жарандарга эл көп чогулуучу ар кандай массалык иш-чараларды чектөөнү сунуш кылган. Бул сунуш жугуштуу илдеттин өлкө аймагына киришинин жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында киргизилип жатканы айтылган.  Сунуш бардык жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.

Штабдын маалыматы боюнча, 4-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандар катталган жок.

5 - март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү. Мындай токтомду Жогорку Кеңеш 2016-жылы 29-июнда кабыл алган. Акыркы жылдары өлкө аймагында Ак калпак күнүнүн урматына ар кандай майрамдык иш-чаралар уюштурулуп келатат. (RsK) 

XS
SM
MD
LG