Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Жаштар уюмдарынын фестивалы азырынча өткөрүлбөй турган болду


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда март айынын соңуна пландалган Жаштар уюмдарынын фестивалы азырынча өткөрүлбөй турган болду. Бул тууралуу 5-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында кабыл алынды.

Мекеменин маалыматына караганда, фестивалга өлкөдөгү көптөгөн жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышмак. Алар бири-бири менен жакындан таанышып, долбоорлору тууралуу маалымат алышмак. Бул иш-чара «2017-2020-жылдары жаштар саясатын өнүктүрүү» программасынын алкагында өткөрүлмөк.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңдей адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда коронавирус катталганы тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG