Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирустун алдын алуу максатында 275 чет өлкөлүк жаран учурда 14 күндүк обсервацияда жатат. Бул тууралуу 5-мартта «Азаттык» радиосуна Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди:
«Эпидемиологиялык абал Кыргызстан боюнча туруктуу. Ооругандар жок. Ошого карабастан алдын алуу иштери күчөтүлүп жатат. Коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келгендердин киришине өкмөттүн токтому менен чектөө коюлган. Бирок келип калгандар обсервацияда жатышат».
Оторбаеванын айтымында, 275 адамдын 200ү кытайлыктар, калгандары кореялыктар.
Ал эми жашаган жери боюнча дарыгердин көзөмөлүнө 563 адам турат.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңдей адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты. (RK)