Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Сабыр Жапаров: Бизди курал катары колдонобуз дегендер бар (видео)


Жапаровдун тарапкерлеринин митинги. 2-март, 2020-жыл.
Жапаровдун тарапкерлеринин митинги. 2-март, 2020-жыл.

Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров тарапташтарына видео аркылуу кайрылып, «мындан ары башаламандыкка жол бербөөгө» чакырды.

5-мартта Интернетке чыккан кайрылуусунда ал 2-мартта митингге чыгып, колдоо көрсөткөнү үчүн тарапкерлерине ыраазычылык айтып, анда айтылган талаптар боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Ошону менен катар башаламандыкка мындан ары жол бербөөгө үндөдү:

«Бизди чагымчыл күчтөр колдонуп кетпесин. Мага келген маалыматтар боюнча, бизди курал катары колдонобуз деген ойлору бар экен. Кайрадан башаламандыкка жол бербейли».

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Бийликти басып алууга аракеттенген» деген шек менен УКМКнын тергөө абагына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анар Дубанбаева 3-майга чейин камалды. (RK)

XS
SM
MD
LG