Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Кордойдогу чатакта күйүп кеткен адам ким экени аныкталды


Казакстандын Масанчи айылындагы казак-дунган чатагында күйүп кеткен дүкөндүн ичинен табылган сөөк кимдики экени аныкталды. Ал Масанчи айылынын тургуну 20 жаштагы Мурат Масанов болуп чыкты. Анын туугандары сөөктү 5-мартта жерге беришти. Бул тууралуу маркумдун бир тууганы Бахтияр Масанов билдирди.

Масанов 7-февралда кечки саат 6ларда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Өрттөнүп кеткен дүкөндөрдүн биринин ичинен 8-февралда толук күйүп кеткен адамдын сөөгү табылган. Ошол эле күнү Муратовдун күйүп кеткен машинеси Масанчи айылынын четинен табылган.

Мурат Масановдун жоголуп кеткени тууралуу анын туугандары 9-февралда прокуратурага жана полицияга арыз жазышкан болчу.

7-февраль күнү Казакстандын Масанчи, Сортөбө, Аухатты жана Булан-батыр айылдарында казактар менен дунгандардын ортосунда чатак чыккан. Бир түн ичинде 11 адам каза болгон. Жүздөн ашык адам жаракат алган. 30 турак жай, 17 соода имараты, 47 автоунаа талкаланган же өрттөнгөн. Миңдеген адамдар Кыргызстанга качып өткөн. Бул кылмыштар боюнча 90 иш козголгон. Ал окуядан кийин аймактагы бир нече жетекчи кызматтан алынган.

Казакстандын президенти кийин бул чатакты аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топтор уюштурушканын билдирген. (YI)

XS
SM
MD
LG