Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Пентагон: «Талибан» чабуулдарга карабай cөзүнө туруп жатат


АКШнын коргоо министри Марк Эспер. 2-март, 2020-жыл.
АКШнын коргоо министри Марк Эспер. 2-март, 2020-жыл.

АКШнын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы менен жетишилген тынчтык макулдашуусунун алгачкы жыйынтыгы ар кандай болгонуна карабастан экстремисттик топ өзүнө алган милдеттенмелердин көбүн аткарып жатканын билдирди.

4-мартта Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер Сенатта куралчан топтун согушкерлери макулдашылгандай америкалык жана эл аралык күчтөргө кол салууну токтотконун айтты. Бирок министр белгилегендей, ошол эле маалда ооган жергесинде зордук-зомбулук токтой элек.

«Бул топту кармап туруу – чоң милдет. Алардын ичинде ашынган жана токтоолору бар, алар өз ичинде да күрөшүп жатышат».

Пентагондун мындай билдирүүсү 4-мартта өлкөнүн түштүгүндөгү Гилманд провинциясында «Талибандын» согушкерлери ооган күчтөрү турган көзөмөл бекетине кол салгандан кийин америкалык аба күчтөрү «коргонуу» операциясын ишке ашырган соң тарады.

Талибдер ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20 жоокерин жок кылды. Анын алдында эле АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу «Талибандын» саясий жетекчиси менен «эң жакшы баарлашканын» айткан.

29-февралда Катардын баш калаасы Дохада АКШ менен «Талибан» кыймылынын ортосунда 18 жылга созулган согушту токтотууну көздөгөн келишимге кол коюлду.

Келишим боюнча «Талибан» кыймылы Кабулда ооган өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, дагы бир катар коопсуздук милдеттенмелерин аткарган шартта АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү жылдын аягына чейин аскерлерди чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG