Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Кыргызстандык Орусиядан башпаанек сурайт  


Жалал-Абадда туулуп-өскөн 30 жаштагы Хуснидин Зайнабидинов азыркы кезде Орусияда саясий башпаанек алууга камынууда. Бул тууралуу Москвадагы «Ёрдам» укук коргоочу уюмунун башчысы Бахром Хамраев билдирди.

Зайнабидинов былтыр январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан Магнитогорскидеги жардырууларга байланыштуу шек менен кармалып, 13 ай камакта отургандан кийин эркиндикке чыккан. Ал Федералдык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери аны электр тогу менен кыйнап, мурдун жана кабыргаларын сындырып, ур-токмокко алганын айтып, укуктарын коргош үчүн Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин арыздана турганын билдирген.

Хамроев азыр Зайнабидиновду 2010-жылы Кыргызстандагы июнь коогасына байланыштуу «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга өткөрүп берүү коркунучу турганын айтып, ал Орусияда башпаанек суроого мажбур болуп жатканын белгилейт.

Буга чейин Хуснидиндин аялы Халимахон Зайнабидиновдордун үй-бүлөсү июнь коогасынан кийин Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушканын айтып берген. Хуснидин Зайнабидиновду Жалал-Абад шаардык соту «Массалык башаламандык уюштуруу», «Бирөөнүн мүлкүн бүлдүрүү», «Улут аралык кастыкты козгоо» беренелери боюнча айыптап, камакка алууну чечкени тууралуу маалымат бар.

Магнитогорскиде 2018-жылдын 31-декабрында он кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде «Газел» үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон. (LzT)

XS
SM
MD
LG