Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:19

Түрк парламентинде депутаттар мушташты


Түркиянын парламентиндеги чукул жыйын. 2-январь, 2020-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган оппозициячыл депутат Энгин Озкочту сотко берип, андан моралдык зыян үчүн бир миллион түрк лирасын (165 миң доллар) талап кылды. Бул тууралуу президенттин адвокаты Хусейин Айдын өз «Твиттерине» жазды.

4-мартта түрк парламентинде Эрдогандын АК партиясы менен оппозициядагы Элдик республикалык партиянын депутаттары мушташа кетишкен. Буга Эрдоган менен оппозиция лидери Кямал Кылычдароглунун Идлибдеги согушка байланыштуу кайым айтышуусу себеп болгон. Өз партиялашына болушкан Энгин Өзгөч түрк жоокерлери согушта өлүп жаткан кезде Эрдоган өз уулдарын аскерге жибербей койгонун айткан. Мындай сөздөрдөн кийин депутаттардын ортосунда мушташ чыккан.

Юристтер депутаттын бул «жалган билдирүүсү» президенттин беделине доо кетирет деп эсептешет.

5-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Москвада жолугушат. Эки лидер Идлибде кан төгүүнү токтотуу тууралуу сүйлөшөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG