Коронавирустун алдын алуу штабынын сунушу менен өлкөдө жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чаралар токтотулду. Сунуш бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.
Коронавирустун алдын алуу штабынын 5-марттагы жыйынында кабарлангандай, бул күнгө карата Кыргызстанда ооруга чалдыккандар катталган жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн көзөмөл тартибинде иштеп жатышат. Дарыгерлер, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана чукул кырдаалдар кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.
Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен чогуу иш алып барууда.
Чек ара кызматкерлери эпидемиологиялык абал оор өлкөлөрдөн келген жарандар тууралуу дарыгерлерге маалымдап турушат. Алар токтоосуз түрдө карантинге жиберилет.
Штаб жарандарды соцтармактарда тараган түрдүү жалган кабарларга ишенүүдөн жана таратуудан оолак болууга, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырууда. Мындан тышкары жеке гигиенаны бекем сактоо, жаш балдарга илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экени эскертилди.
Мындан тышкары жарандарга коронавирус тууралуу маалымдоочу түз байланыш телефондорун ишке киргизүү тиешелүү органдарга тапшырылды.
Расмий маалыматтарга караганда, учурда 275 чет өлкөлүк жаран 14 күндүк обсервацияда жатат. Алардын 200ү кытайлыктар, калгандары кореялыктар.
Ал эми жашаган жери боюнча дарыгердин көзөмөлүнө 563 адам турат.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңден ашуун адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты. (ZKo)