Бириккен Араб Эмираттары БТА банктын мурунку жетекчиси Рустам Ибрагимовду Казакстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы 5-мартта кабарлады. Мурдагы банкирге казак оппозиционери Мухтар Аблязов менен бирге БТА банктын активдерин "өлкөдөн чыгарып кеткен" деген айып тагылып, издөөдө жүргөн.
Прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Ибрагимов Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөн. Учурда Ибрагимов Алматы шаарында тергөө абагына камалды.
Казак бийлиги Аблязовду БТА банктан "миллиарддаган каражатты чет өлкөгө чыгарып кеткен" деп айыптаган.
2009-жылдан бери чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Аблязов айыптарды четке кагып, тескерисинче казак бийлигин БТА банкты "тартып алды" деп айыптап жүрөт.
Казакстан 10 жылдан бери Мухтар Аблязовду экстрадициялай албай отурат. 2017-жылы Алматынын соту мурдагы банкирди 20 жылга сыртынан соттогон. (YI)