Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Кремлде Путин менен Эрдоган Идлибдеги кырдаалды талкуулашат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кремлде, 5-март, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кремлде, 5-март, 2020-жыл.

Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу башталды. Жолугушууга чейин Путин Эрдоган менен Идлибдеги кырдаалды талкуулай турганын ырастаган. Сириянын Идлиб аймагында соңку күндөрү түрк күчтөрү менен Орусия колдогон Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы салгылашып жатат.

Путин “учурдагы жагдайга байланыштуу бардык маселелерди сүйлөшүү зарылдыгын” белгилеп, Идлибдеги кырдаалдын “орус-түрк мамилесине залакасын тийгизбешинин” алдын-алууну сунуш кылган. Орус президенти Сирияда курман болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, сириялык армия аларга атайылап сокку урбаганын белгиледи.

Түрк президенти Эрдоган Москвадагы сүйлөшүү «Идлибдеги кырдаалды жеңилдетерине» токтолду. Эрдоган айткандай, эки лидердин жолугушуусу адегенде Стамбулда пландалганы менен кийин Кремлдин өтүнүчү боюнча Москвага которулган.

Сириядагы согушта Түркия менен Орусия жаатташкан эки башка тарапты колдошот. Соңку күндөрү Сирияда салгылашуу күчөдү. Түрк авиациясы Сирия армиясынын бир нече учагын атып түшүрдү.

XS
SM
MD
LG