Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Темировго кол салуу боюнча соттук иш белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралчу иш белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна журналист өзү билдирди. Анын маалыматына караганда, 6-мартта саат 09:30га белгиленген сот отуруму болбой калды.

«Сотко шектүүлөр алып келинген жок деп айтышты. Укканым боюнча саат 10до Кой-Таш окуясы боюнча сот болот. Менин ишимди карачу судья Марат Сыдыков Кой-Таш окуясын да карап жатат. Сот ушундан улам жылдырылды го деп ойлоп жатам», - деди Темиров.

Журналист Темировду сабоо фактысы боюнча шек саналып жаткандар сотко алып келинбегендиктен, сот отуруму жылдырылганын судья Марат Сыдыковдун катчысы билдирди. Кылмыш ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шектүүлөрдүн сотко жеткирилбей калышынын себебин айта элек.

Журналист Болот Темировду 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар сабап кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырып келет. Ал бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.

Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темировдун сөзүнө караганда, шектүүлөр башта аларга буйрук берген адамдар болгонун айтып, кийин көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Милиция биринчи берилген көрсөтмөнү да иликтеп жатканын айтууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG