Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 15:50

Казакстан кыргызстандыктарга чек арадан ID-карта менен өтүүгө тыюу салды


Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 6-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай чектөө 8-марттан тарта күчүнө кирет.

«Казакстан 2020-жылдын 8-мартынан баштап Кыргызстандын жарандарына чек арадан ID-карта менен, ал эми 16 жашка толо элек балдарга төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен өтүүгө тыюу салды», - деди Абдрахманов.

Мындай чектөө коронавирустун жайылышына байланыштуу кабыл алынган. Абдрахманов ошол эле учурда кыргыз-казак чек арасы жабылбай турганын, жарандар чек арадан жалпы жарандык паспорт менен өтө алышарын кошумчалады.

Буга чейин кыргыз өкмөтү жарандарга Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG