Ооганстандын борбору Кабул шаарында аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышып жаткан иш-чарада куралдуу адам кол салып, бери дегенде 18 адам жараат алды.
Алар Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан. Абдулла Абдулла жабыркаган жок.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими окуя болгон жерге кошумча күч жөнөтүлгөнүн билдирди. "Талибан" кыймылы бул кол салууну уюштурганын мойнуна алган жок.
Президент Ашраф Гани "Твиттердеги" баракчасына "Коопсуздук күчтөрү ок чыгаргандар менен аёосуз күрөшөт" деп эскертти.
Былтыр 7-мартта Кабулда Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда да бир канча жардыруу болгон. Ага дагы Абдулла Абдулла баштаган жогорку кызмат адамдары катышкан. Бул окуяда үч адам өлүп, 30дай киши жараат алган.