Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Кыргызстанда 208 кишиге качкын макамы берилген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

«208 адамдын ичинен 96сы Ооганстандан, 79у Сириядан, 24 киши Украинадан, эки киши Ирандан, бирөө Ирактан, төртөө Мароккодон келген. Тажикстан, Түркмөнстан, Эфиопиядан бирден адам бар».

Болотбек Ибраимжановдун айтымында, качкындардын көбү Кыргызстанда соода-сатык менен алектенет.

Кыргызстанда «Качкындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыш иши үчүн соттолгондорго, мурда качкын макамын алып, кайра өз өлкөсүнө туруктуу жашоо үчүн кеткендерге качкын макамы берилбейт.

Кыргызстанда чет элдиктерге качкын макамын берүү жараяны алты айдан бир жылга чейин уланат. Макам алган киши үч жылдан соң жарандыкка документ тапшырса болот. Алар кыргыз жарандарындай эле укуктарга ээ. Болгону шайлоого катыша алшпайт жана күч түзүмдөрүнө иштөөгө жол берилбейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG