Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 11:56

Украина алмашып ала турган туткундардын тизмесин даярдады


Владимир Зеленский алмашылган туткундарды өзү тосуп алган.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобуна Киев өзү алмашып алгысы келген 200 адамдын тизмесин берди. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский түрк телеканалына берген маегинде билдирди.

Маектин үзүндүсү президенттин сайтына жарыяланды. Зеленскийдин айтымында, тизмеге маркумдардын да аты-жөнү киргизилген. Учурда Киев алардын сөөгүн кайтарып алгысы келет.

Мурдагы тышкы иштер министри Вадим Пристайко бул туткундарды алмашуунун акыркы жараяны экенин, "баарына баарын" деген форматта өтөрүн, туткун алмашуу жараяны апрель айында ишке ашышы ыктымалдыгын билдирген.

Киев менен жикчилдер былтыр жыл аягында туткун алмашкан. Анда Украина 127 адамды бошоткон, ал эми жикчилдер 76 кишини берген.

Орусия менен Украинанын президенттери 2019-жылы декабрда Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттин алкагында жолукканда бири-бириндеги туткундардын баарын өткөрүп берүү тууралуу макулдашкан.

Киев менен Москва алгачкы жолу былтыр сентябрь айында туткун алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG